Словения-Казакстандын
Европа биримдигиндеги маанилүү өнөктөшү. Казакстандын экономикасына түз
инвестициянын көлөмү 200 миллион долларга жакын болду. Словениялык капиталдын
үлүшү бар 19 компания фармацевтика, унаа
жасоо, телекоммуникация жана кайра жанма энергия булактары тармактарда
ийгиликтүү бизнес жүргүзүп жатышат. Бүгүн Казакстанга биринчи жолу расмий сапар
менен Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар келди. Акордонун резиденциясында
салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Казакстан менен Словениянын
президенттери кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Анын жыйынтыгы боюнча ЖМК
өкүлдөрү үчүн брифинг өткөрүлдү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Биз тоо-кен, жашыл энергетика, атом өнөр жайы,
санариптештирүү жана инновация, саламаттыкты сактоо, туризм тармактарында жаңы
долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдаштык. Колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү
максималдуу пайдалануу үчүн мен өкмөттөр аралык комиссиянын ишин
активдештирүүгө жана анын ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге чыгарууга чакырдым. Эки
өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн байланыштарын тереңдетүү-маанилүү милдеттердин бири.
Буга байланыштуу биз «Казакстан – Словения» ишкер кеңешин түзүү маселесин
талкууладык.
Жолугушууда эки өлкө башчылары транспорттук-логистикалык
байланыш тармагын кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Словениянын «Лука
Копер» деңиз портунун Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун долбооруна
катышуусу боюнча бир пикирге келишти. Казакстан суу ресурстарын башкарууда
словен тараптын алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүү менен бирге иштөөгө даяр. Маданий-гуманитардык
кызматташтык тууралуу да сөз болду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Билим берүү, илим жана маданият тармагындагы
мамилелерди активдештирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Словениянын билим берүү
системасы жалпысынан дүйнө жүзү боюнча алдыңкы система катары таанылган. Ошондуктан
биз эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда байланыш түзүүгө кызыкдарбыз.
Казакстан Словениянын жогорку окуу жайлары жана изилдөө борборлору менен
кызматташтыкты бекемдөөгө даяр.
Тараптар эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелерди
талкуулап, жалпы позициясын белгилешти.
Наташа Пирц-Мусар, Словения Республикасынын президенти:
- Бүгүнкү жолугушуулар жалпысынан Словения менен
Казакстандын ортосундагы мамилелердин жаңы барагын ачат деп ойлойм. Эки өлкө
тең өз ара түшүнүшүүгө жана урматтоого негизделген эл аралык укук, туруктуу
өнүгүү жана өнөктөштүк принциптерин колдойт. Мен буга ыраазымын. Келечектеде да
биз бул багытта иштөөнү улантабыз деп ишенем.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү
кабыл алынды. Билим берүү, соода жана туризм сыяктуу тармактарда кызматташуу тууралуу
меморандумга кол коюлду. Эртең борбор калаада соода-инвестициялык байланыштарды
кеңейтүүгө багытталган Казакстан-Словения бизнес форуму өтөт. Иш-чарага катышуу
үчүн Словениянын алдыңкы 25 компаниясынын чоң бизнес делегациясы келди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

