Быйыл Нооруз майрамы Братиславада кеңири масштабда жана эсте каларлык түрдө белгиленди. Көчмөндөрдүн көчмө үйүнүн жасалгасы шаар тургундарына жана конокторуна көрсөтүлдү. Ал салттуу килемдер, саймалар, казак музыкалык аспаптары жана кол өнөрчүлүк буюмдары менен кооздолгон. Боз үйдүн ички жасалгасы казактын улуттук кийимдери, булгаарыдан жасалган панно, көчмөндөрдүн соот-шаймандары жана казактын улуттук камчысы менен толукталды. Ал эми Урал шаарынын «Арнау» фольклордук ансамбли жергиликтүү тургундарга Улуу талаанын чопо музыкасын тартуулады. Нооруз майрамынын алкагында Братиславадагы көркөм сүрөт мектебинин таланттуу балдарынын катышуусунда чебер-класс өттү. Жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери «Казакстан словакиялык балдардын көзү менен» аттуу туруктуу экспозициянын негизи болот. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги казак боз үйү кийинчерээк Словакиянын башка аймактарында да көрсөтүлөрүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков