Казакстандын зер буюмдары чет элдиктердин суроо-талабына ээ. Чет мамлекеттердин жарандары өзгөчө улуттук оюмдагы колдонмо-прикладдык эмгектерге кызыгышат, дейт ата мекендик чебер Берик Алибай. Ал эл аралык Карл Фаберже орденинин ээси. Анын эмгектери көптөгөн өлкөлөрдө жогору бааланат. Азыр зергер өз үйүнөн музей ачып, элдин баалуу этнографиялык экспонаттарын сактап келет.
Берик Алибай, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, Карл Фаберже орденинин ээси, зергер:
- Чет элдиктер эмне деген улуу эл деп таң калууларын жашырбайт. Чет өлкөдөн келген меймандар, делегациялар көп. Баары казактын этнографиясын көргүсү келет, мурунку жашоосу менен таанышкысы келет. Кандай улут экенин, тарыхта болгон же болбогон деген сыяктуу, керектеген буюмдары кандай болгонун көргүсү келет.
Мамлекеттик киреше комитетинин маалыматы боюнча, былтыр өлкөдөн 8 миллион доллардан ашык суммага 200 кг зер буюм экспорттолгон. Казакстан күмүш кору боюнча экинчи орунда, ал эми алтындын кору боюнча алдыңкы ондукка кирет. Башкача айтканда, бул тармакты өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ата мекендик зер буюмдарды өндүрүшү креативдүү индустрия тизмесине кошулган. Ошондой эле өлкөдө зергер буюмдарын санариптик таңгактоо принциби киргизилмекчи. Чеберлердин кесибин жакшыртуу үчүн шарттар түзүлүүдө.
Мөлдир Топанова, өнөржай жана курулуш министрлиги башкармасынын башкы серепчиси:
- Бул тармакты өнүктүрүү үчүн министрлик «Тау-Кен алтын» ишканасынын зер буюмдарын өндүрүүчүлөр үчүн жылына 300 килограммдан квота белгиленген. Бул квотанын алкагында 2023-жылдан тарта зер буюмдарын өндүрүүчүлөр да кошумча нарк салыгынан бошотулган. Ички рынокто күмүштөн жасалган зер буюмдарды сынама белгисиз сатууга болот. Учурда министрлик алтынды сатып алууда ата мекендик өндүрүшчүлөр үчүн бөлүп төлөө жана жеңилдиктер боюнча иш алып барууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

