Орусияда казак киносунун күндөрү өтүп жатат

Орусияда казак киносунун күндөрү өтүп жатат

Акыркы кездери казакстандык режиссерлордун маанилүү эмгектерин Орусия борборунун тургундары жана коноктору көрүп жатышат. Көрүүчүлөрдүн назарына «Кажымукан», «патриоттордун убагы», «мушкер», «набат операциясы» жана «Дос-Мукасан» аттуу тасмалар сунушталды. Тасмалар казак кино күндөрүнүн алкагында эл чарбасынын жетишкендиктери көргөзмөсүндөгү Казакстандын павильонунда көрсөтүлдү. Казакстандын Орусиядагы элчиси Даурен Абаевдин айтымында, долбоор жыл сайын өтүүчү салтка айланат.


Курманбек Жумугали, Улуттук кинону колдоо мамлекеттик борборунун башкарма төрагасы:


- Биз бул долбоорду жайылтып жатканыбызга абдан көп болду. Москвадан баштаганыбыз бекеринен эмес. Ошондуктан режиссерлор сапаттуу кылып тарткан абдан жакшы 5 чыгарманы алып келдик. Анын ичинде Даурен Аскербек уулу белгилегендей, fзыр казак үй-бүлөсүндө, өлкөбүздөгү бардык иш-чаралар дос-Мукасандын ырларысыз башталбайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков