Автоунаалардын бир нече түрүн чыгарган Skoda Transportation Казакстанда өндүрүштүк ишкана ачууга кызыкдар. Жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардан тышкары, бул компания трамвайларды, жеңил унааларды, метро поезддерин, троллейбустарды жана электроавбустарды чыгарары менен дүйнөгө белгилүү. Гигант өндүрүш аянты эми Казакстандын темир жолдорун жана шаардын коомдук транспортун өндүрүү, тейлөө жана модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке киргизүүнү көздөп жатат. Компаниянын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Дидье Пфлегер менен өлкөнүн өкмөтүнүн башчысы Алихан Смаилов сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Премьер-министр компания инвесторлорго ар кандай салык жана бажы жеңилдиктерин берүүнү эске алуу менен өлкөдө конкреттүү долбоорлорду ишке ашыраарына ишеним билдирди. Жыйында бардык кызыкдар мамлекеттик органдар менен уюмдардын катышуусунда өз ара пайдалуу кызматташууну иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү . Өз кезегинде төрага, компания жаңы рынокторду багындырууга даяр экендигин жана аны натыйжалуу өнөктөш катары карай турганын белгилеп өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков