Казакстанда мугалимдерди аттестациядан өткөрүү тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу окуу-агартуу министрлиги билдирди. Жаңы аттестациялоо системасы боюнча өлкөдө 30 жылдык эмгек стажы жана категориясы бар мугалимдер квалификациялык тесттен бошотулушу мүмкүн. Аларга экинчи этаптан гана өтүү, башкача айтканда, портфолио тапшыруу сунушталды. Ошондой эле тиешелүү мекемеде пенсияга чыгууга 4 жыл калган мугалимдерди тестирлөөдөн бошотуу каралууда. Эгерде педагогдор квалификациялык категориясын жогорулатууну кааласа, алар жалпы негизде аттестациядан өтө алышат. Ошондой эле, экинчи этапка бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Документтердин санын бир топ кыскартуу жана ар бир мугалим үчүн маанилүү маалыматтарды камтыган электрондук портфолиону түзүү көздөлүп жатат. Мындан тышкары, мугалимдик кесипке биринчи жолу киришкендер убактылуу “окутуучу үйрөнчүк” аттуу квалификациясын алып, бир жылга ишке орношот.