ӨКМ жардам көрсөтүү максатында туристтердин багытын көзөмөлдөй алат

ӨКМ жардам көрсөтүү максатында туристтердин багытын көзөмөлдөй алат

Буга байланыштуу тиешелүү талаптар киргизилүүдө. Көрүлгөн чаралар издөө иштерин жана эвакуациялоону өз убагында уюштурууга, зарыл болгон учурда медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу өлкөнүн Маданият жана спорт министри Асхат Оралов Фейсбук баракчасына жазды. Министрликтин башчысынын айтымында, республика боюнча туристтик багыттарды белгилөөнүн стандарты кабыл алынат. Маршруттар саякатчыларды даярдоонун татаалдыгына жана деңгээлине жараша бөлүнөт. Ар бир категорияга белгилүү бир түс берилет. Жолдун башында анын татаалдыгы жана туристтер үчүн зарыл болгон талаптар жөнүндө маалымат жазылып турат. Башкача айтканда, туристтерге жакшы багыттоо жана кооптуу сапарлардан алыс болуу үчүн белгилер, маалымат такталары менен стенддер орнотулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков