Жаштар тынчтык күнүнүн баркын билиши керек. Бул багытта Улуу Ата Мекендик
согуштун ардагерлери келечек муундар менен ой бөлүшүүдөн жалыкпайт. Төлеубай
Чекибаев-согуштан кийин кыйраган экономиканы жандандырууга катышкан
казакстандыктардын бири. 18 жашында аскерге аттанган жоокер Беларусь жеринен
баштап Венгрияга чейин согуш талаасында болгон. 1945-жылы Ыраакы Чыгыштагы
83-аткычтар дивизиясынын курамында Харбин шаарын бошотууга катышкан. Ал өлкөгө
аман-эсен кайтып келип, ар кайсы тармакта эмгектенген. Бүгүнкү күндө кылым
жашаган ардагер уул-кыздарды тарбиялап, неберелерин, чөбөрөлөрүн көрүү
бакытысына ээ болду. Карыя Мекен үчүн от кечип, ушул күнгө жетпей калган
ардагерлердин рухуна таазим этүү маанилүү дейт. Муну келечек урпактын
аң-сезимине сиңирүүнү максат кылган. Азыр ардагерлердин катарлары суюлуп
баратат. Өлкөнүн Жетису аймагында Төлеубай Чекибаев менен бирге Улуу Ата
Мекендик согуштун 3 ардагери калды.
Төлеубай Чектыбаев, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери:
- Мекенибиз тынч болсун! Элибиз тынч болсун! Мындан ары жамандык болбосун.
Алла тынчылыгын берсин.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

