2023-жылы Ахмет Байтурсын уулу тууралуу тасма көрсөтүлөт

2023-жылы Ахмет Байтурсын уулу тууралуу тасма көрсөтүлөт

Эл мугалими Ахмет Байтурсын уулунун өмүр жолуна негизделип тартылган «Соңку өкүм» эпикалык тасмасын тартуу иштери аяктап калды. Азыр чыгармачылык топ Абай облусунда иштеп жатат. Алаштын сыймыгы меценат Анияр Молдабаев менен жолуккан учурду чагылдыруу үчүн тасма тартуу тобу атайын Семей шаары менен Бескарагай районун тандап алган. Маданият жана спорт министрлигинин Улуттук кинематографияны колдоо мамлекеттик борборунун буйрутмасы менен тартылып жаткан чыгарма, келерки жылы жарыкка чыгат деп пландалууда. Быйыл 150 жылдык мааракеси ЮНЕСКОнун деңгээлинде белгилене турган Ахмет Байтурсын уулунун ролун белгилүү актер Азамат Сатыбалды аткарат.

Азамат Сатыбалды, башкы ролдогу актер:

Автор бул сценарийди абдан сонун жазган. Сыбага деген бул сахна. Абай Кунанбай уулунун энеси Анияр менен Турагул аркылуу түрмөдө жаткан Ахметке сыбага берип жиберет. Анияр бай жаран болгондон кийин акча төлөп, убактылуу абактан чыгарып алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков