Профессионалдык хореографиялык окуу жайларынын Эл аралык Temps lié Роза менен көпөлөктүн романы аттуу уникалдуу спектаклдин премьерасы менен башталды. Жаңы балеттин бет ачары «Астана Балет» театрынын сахнасында өттү. Белгилей кетсек, Мариус Петипанын аткаруусундагы музыканын автору Рикардо Дриго. Ал эми хореографиялык чыгарылышы тармактын ардагери Василий Медведевге ишенимдүү тапшырылган. Уникалдуу чыгармачыл топтун оюнун Казак улуттук хореография академиясынын жаш артисттери аткарышты. Фестиваль Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулууда. Кошумчалай кетсек, ал жетинин айынын 19на чейин уланат. Маданий иш-чаранын алкагында алдынкы казакстандык жана чет элдик хореографтар тарабынан оффлайн жана онлайн форматта ачык лекциялар жана мастер-класстар өткөрүлөт.
Василий Медведев, коючу-хорегограф:
- Мындай ишке катышууга мүмкүнчүлүк берген Алтынай Асылмуратова айымга терең ыраазычылык билдирем. Биз бул долбоорду 5 жыл мурун ойлоп тапканбыз. Мына бүгүн ал ишке ашып олтурат. Спектаклге жалпысынан 130 бала катышты. Мындан тышкары унутта калган балеттин 2 актысы кайра жанданды. Даярдык иштери көпкө созулду. Музыка жана либреттосу жазылып, костюмдар тигилди, декорациялардын эскиздери жасалды. Балет мектеби 2 айга жакын даярдалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков