Silk Way Star музыкалык сынагынын премьерасы

Silk Way Star музыкалык сынагынын премьерасы

Jibek Joly/Silk way телеканалында өткөн дем алыш күндөрү Silk Way Star эл аралык музыкалык сынагынын биринчи эпизодунун көптөн күткөн премьерасы болуп өттү. 12 өлкөнүн өкүлдөрү болгон катышуучулар өз эне тилдеринде ырларды аткарышты. Сахнага биринчи болуп Батырхан Маликов –Алем, өлкө намысын коргоп чыкты. Калыстар тобунун баалоосу боюнча аткаруучу 132 мүмкүн болгон упайдан 112 упай топтоп, жетинчи орунду ээледи, ал эми эпизоддун жеңүүчүсү 126 упай менен Малайзиядан келген Язмин Азиз болду. Экинчи сапта Өзбекстандан Мадинабону Адылова, үчүнчү болуп Түркмөнстандан Довран Шаммыев болду. Белгилей кетсек, алдыда дагы 9 эпизод бар. Шоунун финалы жетинин айынын 22де өтөт.

Silk Way Star катышуучулары жана калыстары Астанада BSB концертинде болушту

Ошол эле учурда, Silk Way Star катышуучулары эл аралык вокалдык сынактын сахнасында ат салышып гана тим болбостон, борбор калаанын маданий турмушуна да көз салып жатышат. Өткөн жекшембиде алар калыстар тобу менен биргеликте Астанада өткөн легендарлуу Backstreet Boys поп-группасынын концертине барышты, анда 25 миңден ашуун көрүүчү чогулду – алардын жарымы Германия, Франция, Түркия, Финляндия, Литва, Греция, Азербайжан, Орусия сыяктуу дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн келишкен. Укмуштуудай шоуну ырчы Алем ачты.

Мишель Джозеф, Silk Way Star катышуучусу, Монголия:

- Албетте, мен өзүмдү абдан жакшы сезип жатам, анткени бул Backstreet Boys тобунун концерти, апам экөөбүз аны көрүүнү эңсегенбиз. Ошондуктан мен абдан толкунданып турам жана бизге абдан ийгилик келди деп ойлойм. Анан мен Алем бул сахнада ырдайт деп уктум, мен аны колдоп, анын аткаруусун көргүм келет. Мен чыдамсыздык менен күтүп жатам. Ооба, мен Алемди күтүп жатам.

Backstreet Boys тобунун мүчөлөрүнө улуттук аспап – домбра белекке берилди. Өз кезегинде, бойз-бенд кийинки жылы кайтып келүүгө убада берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков