Байыркы кол өнөрдү жаңырткан чебер

Байыркы кол өнөрдү жаңырткан чебер

Буюмдар оюм-чийим катары гана эмес, муну менен катар суук сөздөн, көздөн сактаган тумар катары да колдонулган. Бүгүнкү күндө зергерчиликти жандандырып жүргөндөрдүн бири – чебер, зергер жана сүрөтчү Актөбөлүк Болат Атыраубаев. Анын айтымында, классикалык үлгүдөгү буюмдар эч качан модадан чыкпайт жана алар өзүнүн өзгөчөлүгү менен баалуу. Чебер зер буюмдарын жасоо менен гана чектелбестен, Улуу Талаанын духун да жеткире билет.

Болат Атыраубаев, зергер:

- Табигый таштар, анын ичинде бермет, бирюза жана акак таштар көп колдонулган. Анткени күмүш менен табигый таштар бири-бирин байланыштырып турат. Ырымдар боюнча таштар аруулук, тил-көз, бата үчүн колдонулган.

Болат атүгүл мурда талаа чеберлери колдонгон күмүш устачылыктын байыркы ыкмасын да өздөштүргөн. Анын айтымында, жасоо көп убакытты талап кылса да, буюмдар өзгөчө кооз болуп чыгат.

Болат Атыраубаев, зергер:

- Деген менен ал көп учурда күмүш тагынчу. Биринчиден, казактар ​​күмүштү тазалыкка, чынчылдыкка, дарылыкка пайдаланышкан. Ал ээн талаада жүргөндө кымбат баалуу нерселерге кызыкчу эмес. Биринчиден, бул тазалык менен байланышкан.

Мындай зер буюмдарды муундан муунга үй-бүлөлүк мурас катары белекке берүүгө болот. Болат Атыраубаев улуттук оюм-чийимде эксклюзивдүү буюмдарды гана жаратпастан, кылымдык тарыхы бар байыркы күмүш зергер буюмдардын бүтүндөй коллекциясын чогултууга жетишкен. ХІХ кылымга таандык буюмдарды реставрациялоо менен гана чектелбестен, жыл сайын экспозициясын жаңыртып турат. Анын көргөзмөлөрү Казакстанда да, чет өлкөлөрдө да уюштурулууда. Мындай улуттук баалуулуктарды сактаган чеберлердин аркасында зергер ата-бабалардын байыркы кол өнөрчүлүгү жанданып жатат дейт Болаттын чыгармачылыгын жогору баалагандар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков