Эртең
Jibek Joly/Silk Way телеканалында Silk Way Star эл аралык музыкалык конкурсунун
9-эпизоду эфирге чыгат. Катышуучулар казак эстрадасынын жылдыздары менен бир сахнада
өздөрүнүн вокалдык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүшү керек. Бул калыстар тобу гана
баалай турган катышуучулардын грандиоздук
финалдын алдындагы акыркы чыгуусу. Белгилей кетсек, мурунку 8-эпизоддо Язмин
Азиз мыкты деп табылып, бардык өткөн этаптардын жыйынтыгы боюнча жалпы
рейтингди жетектеген. Малайзиялык аткаруучунун мыкты вокалдык маалыматтары
жана жаркын харизмасы калыстар тобун жана эл аралык сынактын көрүүчүлөрүн багындырды.
Ал эми өз мекенинде артист Малайзиянын 30 көрүнүктүү айымынын тизмесине кирди -
бул жаңылык менен Язмин социалдык тармактардагы баракчасында бөлүштү. Белгилей
кетсек, Язмин өз өлкөсүн дүйнөлүк абройлуу сынактарда бир нече жолу көрсөтүп,
таланты жана өзгөчөлүгү менен коомчулуктун таануусуна ээ болгон. Мындан
тышкары, Silk Way Star калыстар тобунун курамында дагы бир белгилүү малайзиялык
ырчы - Дато Дания бар, ал дагы өз өлкөсүнүн музыкалык индустриясынын жаркын
өкүлдөрүнүн бири болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

