Астанада Рахимжан Кошкарбаев эскерилди

Астанада Рахымжан Кошкарбаев эскерилди. Легендарлуу жоокердин 100 жылдыгынын урматына эл баатырынын эстелигине гүл коюу аземи өткөрүлдү. Эске салсак, 1945-жылы Рахымжан Кошкарбаев душмандын катуу оту астында алгачкылардан болуп Рейхстагда жеңиш байрагын орноткон. Анын эрдиги баатырдыктын үлгүсү катары элдин эсинде түбөлүккө калды. Рахымжан Кошкарбаевдин кылымдык мааракесине карата борбор калаада бир жыл ичинде 40тан ашык иш-чара өткөрүлдү.

Кабдулин Самат, Астана шаардык акимчилигинин ички саясат башкармалыгынын башкы адиси:

- Спорттук, коомдук, саясий иш-чаралар өткөрүлүп, ага мектеп окуучуларынан баштап ар кандай коомдук уюмдарга чейин шаардын бардык тургундары катышты. Демилге көптөгөн уюмдар тарабынан кабыл алынган. Бүгүн бизде Рахымжан Кошкарбаевдин эстелигине гүл коюу аземи болуп өттү. Келерки жылы биз Жеңиштин 80 жылдыгын белгилейбиз жана бул иш-чаралар жалпы элибиз үчүн ушундай чоң майрамдын баштылышы болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков