Шымкентте Борбор Азия жана түрк тилдүү мамлекеттердин театрларынын фестивалы өттү

Шымкентте Борбор Азия жана түрк тилдүү мамлекеттердин театрларынын фестивалы аяктады. Маданий иш-чара казактын улуттук кесипкөй театр өнөрүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Жумат Шанин атындагы театрдын 95 жылдыгына арналды. Апта ичинде көрүүчүлөр Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Татарстан жана Азербайжандын алдыңкы чыгармачыл топторунун мыкты эмгектерин тартуулашты. Габит Мусрепов, Чыңгыз Айтматов, Алишер Навои жана башка улуу жазуучу-драматургдардын чыгармалары боюнча жалпысынан 9 спектакль коюлду. Эл аралык калыстар тобунун баамында, эң мыкты актердук ансамбль Габит Мусрепов атындагы казак балдар жана өспүрүмдөр үчүн академиялык театрынын «Улпан» спектакли болду.

 

Еркин Абдрешов, Казак академиялык балдар жана өспүрүмдөр театрынын актеру:


- «Улпан» чыгармасын өзүңүздөр билесиздер. Фестивалда ал классикалык түрдө көрсөтүлгөн эмес. Анын режиссеру Гүлназ Балпеисова өзүнүн көз карашы менен заманбап үлгүдө коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков