«Silk Way Star» долбоорунун катышуучуларына Казакстандын президентинин сыйлыктары тапшырылды

«Silk Way Star» долбоорунун катышуучуларына Казакстандын президентинин сыйлыктары тапшырылды

Казакстандын президентинин атынан Silk Way Star эл аралык вокалдык сынагынын уюштуруучулары жана катышуучулары сыйлыктарга ээ болушту. Сыйлыктарды Акордада мамлекеттик катчы салтанаттуу түрдө тапшырды. Долбоордун жеңүүчүсү, моңголиялык Мишель Джозеф музыкалык искусство жаатындагы олуттуу жетишкендиктери, ошондой эле элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн II даражадагы «Достук» ордени менен сыйланды. Долбоордун бир катар катышуучулары жана уюштуруучулары мамлекет башчысынын ыраазычылыгына ээ болушту. Ерлан Карин Казакстан Республикасынын Президентинин Телерадиокомплексине жана Кытайдын China Media Group медиакорпорациясына ыраазычылык билдирди. Мамлекеттик катчы сынак ийгиликтүү эл аралык долбоор катары ишке ашып, аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту дагы да бекемдеп, элдердин каада-салттарынын жана баалуулуктарынын биримдигин көрсөткөнүн баса белгиледи.


Белгилей кетсек, Silk Way Star Казакстандын эң таанымал экспорттук медиапродуктуларынын бирине айланууда. Бул уникалдуу долбоорду 43 өлкөдө 143 миллиондон ашуун адам көрдү. Бүткүл дүйнөлүк желедеги көрүүлөрдүн саны 300 миллиондон ашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков