Маданият жана спорттогу ири окуялар: Казакстандын жетишкендиктери

Маданият жана спорттогу ири окуялар: Казакстандын жетишкендиктери

Жаркын жетишкендиктер, жеңиштер жана эсте каларлык премьералар. Маданият жана спорт тармагы быйыл ушундай маанилүү окуяларга бай болду. Казакстандык өнөрпоздор, режиссерлор жана спортчулар өздөрүнүн уникалдуу таланттарын дагы бир жолу далилдеп, өлкөнүн маданий мурастарынын ар түрдүүлүгүн жана байлыгын дүйнөгө кеңири таанытты. Казак өнөрү дүйнөгө белгилүү Венеция биенналеси, Париждеги Гиме Азия искусство музейи сыяктуу искусство аянтчаларында көрсөтүлдү. Ал эми Франкфурт китеп жарманкесинде республика өзүнүн басма өнүмдөрүе ийгиликтүү тааныштырды.

Рустам Али, Маданият жана маалымат министрлиги комитетинин төрагасы:

- Казакстандын «Frankfurter Buchmesse»  жарманкесине катышуусу - тарыхый окуя. Биз маданий мурасыбызды гана эмес, классикалык, жаш авторлорубузду жана басып чыгаруучуларыбызды да тааныштырабыз.

Быйыл маданий дипломатиянын алкагында Тажикстан менен Түркмөнстанда Казакстандын маданият күндөрү өттү. Муну менен катар, чет өлкөлөрдө Казакстандын имиджин калыптандырууда атамекендик кино тартуу да маанилүү роль ойноду. Атамекендик режиссер Дания Саламаттын «ажырашуу» тасмасы 26-ирет Шанхайда өткөн эл аралык «Алтын кубок» кинофорумунда мыкты деп табылды. Ал эми режиссер Асхат Кучинчерековдун «Бооруна тартуу» аттуу эмгеги Францияда уюштурулган фестивалда калыстар тобунун атайын сыйлыгына ээ болду. Белгилей кетсек, бул чыгарма кийинки жылы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлдү.

2024-жылдагы эң көрүнүктүү окуялардын бири - V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болду. Мелдеш улуттук спортту, салт-санааны жана маданий мурасты даңазалаган уникалдуу окуя катары тарыхта калды.

Симона Мрела Микулеску, ЮНЕСКО башкы конференциясынын төрагасы:

- Баарыбыз улуттук баалуулуктарыбызды көздүн карегиндей сактап калышыбыз керек. Ошондуктан мен жаркын келечек өкүлдөрүн - жаш муундарды маданий жана руханий мурастарын сактоого, коргоого, баалоого жана сүйүүгө чакырам. Ошол эле учурда спорттун салттуу түрлөрү да өзгөчө орунду ээлейт деп эсептейм.

Казакстандык спортчулар быйыл Парижде өткөн 33-жайкы Олимп оюндарында ийгиликке жетишти. Алар өлкө куржунуна 1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышты. Дүйнө мелдешинин алгачкы күндөрүндө Елдос Сметов өлкө тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча алтын медалга ээ болду. Ал эми спорттук гимнастикасындан Казакстанга алгачкы жеңишти Нариман Курбанов алып келди. Парижден рекорддук 9 медаль, анын ичинде 2 алтын медалы менен паралимпиадачылар да ийгиликке жетишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков