Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин артисттери өнөр көрсөттү

Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин артисттери өнөр көрсөттү

Концерт "Астана Опера" театрынын сахнасында эл аралык "Опералия" фестивалынын алкагында уюштурулду. Өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинин маалымдашынча, кечеде көрүүчүлөрдүн назарына А.Жубанов менен Л.Хамидинин “Абай” операсынан “Тойбастар” ыры жана Абайдын “Кайсыл сүйлөшүү” ариясы сунушталды. Мындан тышкары Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Башкыртстандын артисттери өз өнөрлөрү менен көрүүчүлөрдү кубандырышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков