Сианда «Борбордук Азия – Кытай» саммити өтүп жатат

Сианда «Борбордук Азия – Кытай» саммити өтүп жатат

Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистика жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашат. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, акыркы жылдары Кытай менен аймактык сооданын көлөмү тездик менен өсүп жатат. 2022-жылы бул көрсөткүч 70 миллиард долларга жеткен. Бирок, бул чек эмес. 2030-жылга чейин Борбор Азия республикалары менен Асман империясынын ортосундагы соода жүгүртүү 100 миллиард долларга жетиши мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков