Акордада өлкөгө расмий сапар менен келген Армениянын Президенти Ваагн Хачатуряндын жолугушуусунун салтанаттуу аземи болуп өттү.
Мамлекет башчысы Армениянын президенти менен учурашып жатып, мамлекеттеги казак-армян кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин белгиледи. Буга толук негиз бар. Эки тараптуу мамилелер бардык тармактарда динамикалуу өнүгүүдө. Быйыл Казакстан менен Армениянын ортосундагы достук жана кызматташтык Келишимине кол коюлганына 25 жыл толду. Тараптар бүгүн ратификацияланган макулдашуулар өз ара байланышты бекемдөөгө жардам берет деген ишенимин билдиришти.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казакстанга биринчи жолу расмий сапар менен келип жатасыз. Мен муну сиздин Казакстанга болгон урмат-сыйыңыз катары баалайм. Ошондой эле, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө болгон умтулуунун айкын көрүнүшү деп эсептейм. Бул сапардын маани-маңызы чоң. Биз казак-армян кызматташтыгына жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдарбыз.
Тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, айыл чарба жана санариптештирүү тармактарында интеграцияны бекемдөөгө кызыкдар. Касым-Жомарт Токаев Казакстан тарап Азербайжан менен Армения тынчтык келишимине жетишүүсү үчүн Алматы аянтын мындан ары да көрсөтүүгө даяр экенин ырастады. Өз кезегинде Ваагн Хачатурян Касым-Жомарт Токаевге меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Ваагн Хачатурян, Армения Президенти:
– Касиеттүү казак жерине келгениме кубанычтамын. Мен Казакстандын гүлдөп өнүгүү темпине таң калдым. Эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер көп жылдарга созулат деп ишенем. Анткени анын тарыхый тамыры тереңде жатат. Казакстан-биздин ишенимдүү жана ынтымактуу өнөктөшүбүз. Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштардын ийгиликтүү өнүгүп келе жатканын белгилегим келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков