Сиань шаарынын аэропортунда мамлекет башчысын салтанаттуу тосуп алуу болду. Сапардын күн тартибинде бир катар маселелер каралган. Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо, соода-экономика, инвестиция, транспорт-логистика, энергетика тармактарында кызматташуу, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаевдин “Борбор Азия – Кытай” саммитине катышуусу пландалууда. Иш сапардын алкагында Сиань шаарында өлкөнүн башкы консулдугун ачуу жана бул жердеги кургак портто Казакстандын логистикалык борборунун пайдубалын түптөө аземдери өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков