Шымкентте республикалык айланма жолдун курулушу аяктайт

Шымкентте республикалык айланма жолдун курулушу аяктайт

Шымкентте Борбор Азиядагы ири эл аралык автомагистралдын курулушу аяктоодо. Трасса жыл аягына чейин эки багытта ишке кошулат. Бул А2 автожолу бир нече мамлекеттерди - Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанды бириктирет. Алматыдан башталган жол Бишкек жана Ташкент аркылуу өтөт. Анын курулушунун сапатына өзгөчө көңүл бурулду. Бул жерде жүк ташуучу унаалар жүргөндүктөн, буга туруштук бере турган бышык материал колдонулган. Ошондой эле жол төшөмү 9 метрден 20 метрге чейин кеңейтилген. Белгилей кетсек, Президент өлкө элине жолдогон кайрылуусунда өлкөдөгү жол курулушунун сапатына көңүл бурууну тапшырган. Бул үчүн ал инновациялык ыкмаларды жана алдыңкы чечимдерди активдүү колдонууга чакырды.


Ролан Ибрагимов, Жүргүнчүлөрдү ташуу жана автомобиль жолдору башкармалыгынын жетекчиси:


- Бул жол «Ташкент - Түркестан – Алматы» каттамын туташтыргандыктан, быйыл бардык тилкелердеги жолду пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Бардык Түштүк транзиттик унаалар ушул жолдо өтөт.


Которгон: Назира Бегалиева