Казакстандык сүрөтчү Улуу Британияда өткөн эл аралык сынакта мыкты деп табылды. Golden Time Talent сынагында Асемгүл Сүлейменованын «Эне жана бала» чыгармасы «Сүрөт» номинациясында жеңүүчү деп табылды. Анын сүрөтүнө дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген жогорку класстагы адистер татыктуу баасын беришти.
Асемгүл
Сүлейменова, сүрөтчү:
-Чынын айтсам,
мен такыр байге алам деп ойлогон эмесмин. Эч кандай үмүт да болгон эмес.
Анткени ал жерде дүйнөнүн эң мыкты кылкалем чеберлери өз эмгектерин көрсөтүштү.
Болгону алдыдагы убакытта Лондондо өткөн эл аралык сынакка катышканымды айткым
келет. Мен дагы эле ишене албай турам. Бул мен үчүн күтүүсүз сыйлык болду.
Чебердин айтымында, бул сүрөттүн өзгөчө энергиясы бар, жан дүйнөгө абдан жакын.
Асемгүл
Сүлейменова, сүрөтчү:
-Сүрөттө кайын энем
жана үч жаштагы жолдошум тартылган. 1995-жылы «Жамбылдын жаштык чагы» тасмасына
тартылышкан. Анда ал киши Жамбылдын жеңесинин ролун ойногону. Бул үзүндү мага
абдан жакты. Анда күнүмдүк жашоого эч кандай түйшүгү жок, апасын карап отурган бала
тартылган. Мен бул чыгарманы полотного түшүргүм келди. Эмгекти көргөндөр
апамдан өзгөчө жылуулукту сезип, алардын ички жан дүйнөсүндө тынчтык, бейпилдик
орноорун айтышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков