Иштеп жаткан жараяндарды санариптештирүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана инвестициялык активдүүлүктү жогорулатуу. Маданият жана спорт министри Даурен Абаев ички туризмди өнүктүрүү жана тармактагы акыркы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул багыт жигердүү жанданууда. Мисалы, чет элдик туристтердин жайгашкан жерин эсепке алууга мүмкүндүк берген E-Guest программасын ишке киргизүү эң жакшы чечимдердин бири болду. Жаңы система өлкөгө келген туристтердин так санын билүүгө жана реалдуу маалыматтарды түзүүгө жол ачты.
Даурен Абаев, Казакстандын Маданият жана спорт министри:
- Система өз ишин баштады. Кесиптештер, мага айрыкча туризм боюнча көптөгөн суроолор берилет. Биз азыр мурда эч качан көтөрүлбөгөн маселелерди талкуулап жатабыз. Бизде тармакты стимулдаштыруу боюнча чаралар бар. Эми аны өркүндөтүү жана толуктоо максаты турат.
Министр өлкөдө бизнестин инвестициялык активдүүлүгү тездик менен өсүп жатканын белгиледи. Акыркы 3 жылда эле Казакстандын 10 облусунда 270тен ашык жаңы долбоор ишке киргизилди. Өлкө аймагында инвесторлор салган каржыга көптөгөн дүйнөгө таанымал мейманканалар, заманбап имараттар курулууда. Ошентип, Rixos Turkistan, Hampton by Hilton мейманканалары, Tetys Blu паркы, Түркестандагы Керуен-Сарай комплекси сыяктуу оюн-зоок жайлары пайда болду.
Даурен Абаев, Казакстандын Маданият жана спорт министри:
- Биз үчүн турист жөн эле көл жээгинде эс алган адам эмес. Ошондуктан, экотуризм, жөө туризм, тоо туризми сыяктуу башка тармактарды да өнүктүрүшүбүз керек. Саякатчыларды канааттандыра турган жерлер даяр болушу кажет. Эми суроо-талап күчөй турганын түшүнөбүз. Муну инвесторлор жакшы билет. Жергиликтүү инвесторлор ар кандай объектилерди, комплекстерди куруп жатышат. Учурда Баянауылда коттедждер курулуп, ар кандай пансионаттар реконструкцияланууда.
Бул комплекстүү чаралар өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизип, тармактын өнүгүшүнө жаңы дем берери талашсыз. 2025-жылга чейин бул тармакта 60 миң жаңы жумуш орундары түзүлөт. Инфраструктура жаңыланып, чет элдик туристтердин агымы өсүүдө. Бул жаатта айта кетчү жагдай, Британиянын Backpackers коому былтыр Казакстанды жигердүү эко-саякатчыларга ылайыктуу беш өлкөнүн катарына кошкон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков