Анимациялык кино долбоорлордун өндүрүшү өнүгүүдө

Анимациялык кино долбоорлордун өндүрүшү өнүгүүдө

Казакстанда анимациялык фильмдердин өндүрүшү  күч алды. Быйыл мамлекет тарабынан мындай 8 долбоорду тартуу иштери жүргүзүлөт. Алардын арасында жаш режиссер Дильшат Рахматуллиндин эмгеги бар. Акыркы 11 жылдын ичинде эле анын студиясынан ондогон мультфильмдер көрүүчүлөргө тартууланган. Былтыр жазында “Бешик ыры” чыгармасы Түркияда өткөн сынакта эң мыкты анимация деп табылган. 2023-жылдын аягында «Ашина.“Асмандагы карышкырлар жөнүндө уламыш” аттуу жаңы чыгармаларынын бет ачаары пландалууда.

Дильшат Рахматуллин, анимациялык фильмдердин режиссеру:

- Бул 3D форматында тартылган мультфильм. Ал орус тилине дубляждалып, казак тилинде сатыкка чыгат. Ошондой эле, азыр Түркия, жалпы эле түрк тилдүү мамлекеттер өз тилдерине которуш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Сапаты жагынан коңшу мамлекеттердеги кесиптештерибизден ашып түшпөсөк, кем калбайбыз. Башкача айтканда, атаандаштыкка жөндөмдүү өнүм. Ошондуктан жакынкы өлкөлөргө чыгуубуз  толук ыктымал.

Ошондой эле, борбордук медиа компаниянын эки долбоору мамлекеттик колдоого ээ болду. Бул команда улуттук кинематографияны колдоо максатын көздөгөн сынакка Алматы шаары үчүн көркөм фильм  жана «Ева. «Баатыр кыз» даректүү тасмасын сунуштады. Соңкусунда кыз-келиндер үчүн жат эмес салттуу улуттук спорт түрү болгон көк бөрү оюнуна күйгөн Алматы тургунун жашоосу жана жетишкендиктери баяндалат.

Темирбек Аманжол, сценарист- режиссер:

- Евада коркуу сезими жок деп айтууга болот. Эгер сиз көргөн болсоңуз, анда кескин көтөрүлүп кеткен же ылдый түшүп кеткен  эпизоддору бар. Ал ат үстүндө жүрүп багындыра алат. Бул эркектердин баарынын эле колунан келе бербейт.

Бүгүнкү күндө долбоордун авторлору «Ева. “Баатыр кыз” тасмасынын бир бөлүгүн тартууга жетишкен. 2022-жылы жабык көрсөтүүнү уюштуруу көздөлүп жатат. Бул чыгармачыл топтун биринчи чоң демилгеси. Жаңы чыгарманы тартууга кеткен чыгымдын 70% мамлекет тарабынан төлөнөт. Белгилей кетсек, быйылкы жылы ушундай өңүттөгү 62 ата мекендик кинодолбоор бюджеттен колдоого алынат.

Абзал Мухимов, Улуттук кинону колдоо мамлекеттик борборунун башкарма төрагасынын орун басары:

- Жалпысынан быйыл жарыяланган питчингге 200дөн ашык сунуш түшкөн. 60 пайыздан көбү, башкача айтканда, дээрлик 70 пайызы жаштардын долбоорлору. Жалпы Казакстандын кинематографиясында жаңы муундун калыптанышын азыртадан эле байкоого болот. Жаштар азыр тайманбас, өз алдынча, эркин ой жүгүртүшөт. Жакында алар өздөрүнүн өндүрүштөрүн башташат. 

Бул ата мекендик киноиндустрия жакында жаңы таланттар менен толукталат дегенди билдирет. Алар өлкөгө гана эмес, чет мамлекеттерге да таанылат. Быйыл 20га жакын өлкөдө Казакстан кино күндөрүн өткөрүү пландалууда. Бул тизмеде АКШ, Канада жана Германия бар.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков