Комикстер менен аниме, фильмдердин жана сериалдардын жана компьютердик оюндардын каармандарынын сүйүүчүлөрүн башын кошкон иш-чара. Астанада дүйнөгө белгилүү Comic Con фестивалы өтүп жатат. Гик маданиятын жайылткан иш-чарада коноктор белгилүү актёрлор менен баарлашып, кол тамга алып, алар менен сүрөткө түшө алышат. Көпчүлүктүн өзгөчө кызыгуусун жараткан - косплей. Сүйүктүү каармандарынын образын ишенимдүү чагылдыргандарды да өзгөчө сыйлыктарга күтөт. Бирок, белгилүү бир жанрды жашоосунун жаркын бөлүгү катары көргөндөр үчүн бул чыныгы майрам, жандуу маек түзүү аянтчасы сыяктуу.
- Бул чынында эле абдан жакшы фестиваль. Борбордук Азияда
анын теңдеши жок деп ойлойм. Өзүм Косплейге кызыгып жүргөнүмө 2 жыл болду. Бул
образды жасоого эки ай убакыт жана 50 миң теңге кетти.
- Керемет деп ойлойм. Себеби, биздин чектеш өлкөлөрдөн
көптөгөн адамдар келип, Астананы көрө алышат. Маданиятыбыз, руханий
баалуулуктарыбыз менен таанышат.
- Бизде оюн-зоок индустриясын өнүктүрүүбүз керек. Эл да келет. Ошондо суроо-талап көп да болот.
Быйылкы комиккон фестивалынын негизги конокторунун бири - Перси Хайнс Уайт. Белгилүү Уэнсдей сериалында башкы ролдордун бирин ойногон актёр Казакстанда өткөн фестивалдын масштабына таң калганын жашырган жок. Ал буга чейин борбор калаага келип, шаардын кооз көрүнүшүнө суктангандыгын да билдирди.
Персия Хайнс Уайт, актёр:
- Мен бүтүндөй тур жасадым. Баары абдан меймандос. Тарых
музейине барып, Алтын адамды көрдүм.
Байтеректин чокусуна да чыктым. Казакстан тууралуу көптөгөн кызыктуу
маалыматтарды билип жатам. Шаардын тарыхы кереметтүү жана терең. Өлкө борборуна
келгениме абдан кубанычтамын. Казак киносу менен да тааныштым. Мисалы, «абдан
кооптуу» тасмасын казак режиссёру тарткан. Менин сүйүктүү тасмаларымдын бири.
Анда менин сүйүктүү актёрум Джеймс МакЭвой тартылган.
Белгилей кетсек, Comic Con фестивалы теке айынын 28не чейин уланат. Казакстандан эле эмес, алыскы чет
өлкөлөрдөн да 5 миңден ашык конок келери күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков