«Кыл калем учундагы күч». Борбордогу Улуттук музейде мына ушундай аталыштагы көчмө көргөзмө ачылды. Кыймылдуу экспозицияга Атырау облустук Шаймардан Сариев атындагы көркөм сүрөт жана декоративдик-прикладдык кол өнөр музейинин фондундагы эмгектер коюлду. Негизинен республиканын белгилүү искусство чеберлеринин мыкты чыгармалары тандалып алынды. Жалпысынан, көрүүчүлөр 70ке жакын көркөм сүрөттөр менен тааныша алышат. Арасында анча таанымал эмес авторлордун чыгармалары дагы бар. Тематикалык диапазон ар түрдүү. Жаш муун үчүн үлгү боло турган патриотизм, тарых жана айыл турмушу темаларына артыкчылык берилген. Көргөзмөнү баш оона айынын аягына чейин акысыз көрүүгө болот.
Төлеген Орынбасарулы, Атырау облусттук Ш. Сариев атындагы өнөр музейинин башчысы:
- Исатай, Махамбет 1836-38-жылдарды улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн башчылары жана баатырлары. Муну Табылды Мукат агабыз өзүнүн Исатай, Махамбет чыгармасында жакшы сүрөттөгөн. Буга катар Жоламан Аралбаевдин Менин айылым темасында айылдын жашоосун, айыл турмушун, мыкты чагылдырып берген. Бул жерге казак живописинин классигине айланган Мухит Калимов, Абдрашид Сыдыханов, Жанатай Шарденов, Сабыр Мамбеев, Сахи Романов сыяктуу сүрөтчүлөрдүн эмгектерин алып келген чагыбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков