Казактын Ортеке бийинин ЮНЕСКОнун тизмесине киргенине көп болгон жок. Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун өкүлдөрү ортеке бийин өзгөчө мааниге ээ уникалдуу искусство деп эсептейт. Бирок азыр өлкөдө өзгөчө искусствонун түрү унутулуп бара жатат. Буга байланыштуу Караганды облусунда жаш муундарды тарбиялоо максатында «Ортеке» ийримдерин ачуу колго алынды.
Он жаштагы Нуржас Мухамеджанов Карагандыдагы экинчи окуучулар сарайына келип, өз колу менен кол өнөрчүлүк жасаганды жакшы көрөт. Азыр ал устаты Жастүлек менен ортекени өздөштүрүүдө. Бул жердеги эмгек ийримине 37 бала катышат. Алардын ичинен Нуржас гана өз колу менен ортекени жасап чыккан.
Нуржас Мухаметжанов, окуучу:
- Мен Ортеке жасоону 3 жума мурун баштадым. Жасап бүткөндөн кийин мага домбра керек болду. Анан домбра ийриминин мугалимине айтсам, ийримке кабыл алып, үйрөттү.
Жастүлек Саугабеков, эмгек сабагынын мугалими:
- Жалгыз ортеке гана эмес, домбра өнөрү да бар. Ортеке ата-бабабыздан калган, домбра менен шайкеш жасалган буюм, ошону балдарга үйрөтүп жатам. Жасоонун да өзүнүн кыйынчылыктары бар.
Күү ыргактары менен ойнолгон ортеке өнөрү азыр чыныгы архаизмге айланган. Карагандыдагы өнөр мектебинин окуучулары Алибек менен Ислам ошол эски өнөргө кызыккандардын бири. Домбра сабагына барган 40ка жакын баланын ичинен, ортекени эки гана бала бийлете алат.
Ислам Еркинов, окуучу:
- Менин оюмча, бул кызыктуу, анткени анын механизми өзгөчө, домбраны кыймылдаткан кезде анын бийлегени күлкүлүү. Менин досторум муну биринчи көргөндө таң калышты. Алар бул кантип иштейт, кандай бийлейт деген суроо салды.
Ортеке бийи ЮНЕСКОнун тизмесине киргенден кийин аны элге жайылтуу аракеттери күчөтүлүшү керек. Бул үчүн облустук тарыхый-чөлкөм таануу музейи келерки жылы аталган өнөрдү өздөштүргөн бардык сүрөтчүлөрдүн катышуусунда сынак өткөргөнү жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков