Казакстанда жаңы шаарлар пайда болушу мүмкүн

Казакстанда жаңы шаарлар пайда болушу мүмкүн

Казакстанда жаңы шаарлар пайда болушу мүмкүн. Азыр өлкөдө 112 миңден ашык калкы бар 10 айыл бар. Ошондой эле, 18 калктуу конушта 30 миңден ашык калк жашайт. Мындай айылдарга облустук маслихаттардын чечими менен шаар макамын берүүгө болот. Бул алардын мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Белгилей кетсек, өлкө мыйзамдарында мындай өзгөртүү механизмдери 2021-жылдан тарта каралган. Бүгүнкү күндө 6 миңден ашык айылда 7,5 миллиондон ашык казакстандык жашайт. Бул - жалпы калктын санынын 40% түзөт. Акыркыларды колдоо мамлекеттик маанидеги иш. Эске сала кетсек, өкмөт айыл аймактарын өнүктүрүүнүн 2027-жылга чейинки концепциясын кабыл алып, ишке ашырууда. Өткөн жылы республикалык жана жергиликтүү бюджеттен алардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 1 триллион теңгеден ашык каражат багытталды. Ал эми 2024-жылы 900 миллиардга жакын каражат каралууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков