Шымкент өнүгүүнүн оң динамикасын көрсөтүүдө

Шымкент өнүгүүнүн оң динамикасын көрсөтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча мында капиталдык салымдардын көлөмү 328 миллиард теңгеге жакынды түздү. Айта кетсек, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырганда төрттөн бир эсеге көп. Маалыматты Energyprom порталы таратты. Порталдын маалыматына караганда, инвестициялар негизинен курулуш иштерине жана имараттарды, курулуштарды капиталдык оңдоого багытталган. Анын үлүшү 81%дан бир аз көбүрөөк болгон. Жалпысынан курулуш тармагы облуста эң тез өнүгүп жаткан тармактардын бири. Ал быйыл абдан чоң өсүштү көрсөтүп жатат. Тактап айтканда 40%дык көрсөткүч. Аталган тармакта 25 миңден ашык адам жумуш менен камсыз болуп, тармактын өзү иш менен камсыз кылган алдыңкы бештиктин катарына кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков