Бул жаатта жалпы баасы 800 миллион доллар болгон товардын 90 түрүн экспорттоого даяр. Өлкөнүн премьер-министринин басма сөз кызматы билдиргендей, эгерде республика мындай жеткирүүлөрдү көбөйтүү планын толук аткарса, эки тараптуу соода алмашуу байланыш дарамети эки эсеге көбөйүп, сооданын оң балансы түзүлөт. Ошондой эле бир катар америкалык компаниялар мында өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө кызыкдар. Алар тоо-кен металлургия комплекси, айыл чарбасы, саламаттыкты сактоо, маалымат-коммуникациялык жана “жашыл” технологиялар, транспорттук логистика сыяктуу түрдүү тармактарды камтыйт. Белгилей кетсек, өткөн жылы тараптар ортосундагы товар жүгүртүү 40%га өсүп, 3 миллиард доллардан ашкан. Ал эми АКШдан Казакстанга келген түз инвестициянын көлөмү былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча дээрлик эки эсеге өсүп, 5 миллиард долларга жеткен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков