Казакстанда индустриялаштыруу картасынын алкагында 128 долбоор ишке берилет

Казакстанда индустриялаштыруу картасынын алкагында 128 долбоор ишке берилет

Индустриялаштыруу картасынын алкагында быйыл 128 долбоор ишке берилет. Алардын жалпы баасы 1 триллион 200 миллиард теңге. Мындай маалымат Казакстандын өкмөтүндө жарыяланды. Натыйжада бул өндүрүштүн көлөмүн 1 триллион теңгеге, экспортту 800 миллион долларга көбөйтөт жана 12 миңге жакын жумушчу орунун түзөт. Тамак-аш жана жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү, металлургия, унаа жасоо жана энергетика сыяктуу аймактарда жаңы жумуш орундары пайда болот. 2021-жылдагы эң орчундуу долбоорлордун катарында Жайрем тоо-кен комбинатын модернизациялоо жана ал жерде байытуучу фабриканын курулушу, Сарыарка ферроэритме заводунун курулушу жана башкалар бар.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-министри:

- Долбоорлорду ишке кошуунун оң динамикасы Караганды, Алматы облустарында жана Шымкент шаарында байкалат. Бул ишти дагы 7 региондо күчөтүү керек. Алар Актөбе, Акмола, Кызылорда, Павлодар жана Түркестан облустары. Ошондой эле, Нур-Султан жана Алматы шаарларында. Мен акимдерге ар бир долбоордун аткарылышын жеке көзөмөлдөөнү жана жылдын аягына чейин пайдаланууга берилишин камсыздоону тапшырам.

Эске салсак, өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине Кайрылуусунда 2025-жылга чейин кайра иштетүү өнөр жайынын экспортун 1,5 эсеге, эмгек өндүрүмдүүлүгүн 30%га жогорулатуу милдетин койгон. Бул Индустриялаштыруу картасы долбоорлору алкагында өз убагында жана сапаттуу ишке ашырылууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков