ШКУна мүчө өлкөлөр ортосунда энергетика тармагында байланыш бекемделүүдө

Шанхай Кызматташтык Уюму ири эл аралык уюм гана эмес, энергия өндүрүүчүлөрдү, транспортчуларды жана керектөөчүлөрдү бириктирген чоң  рынок болуп саналат. Дүйнөлүк ИДӨдүн 25%ы ага таандык экенин эске алсак, уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосунда энергетика тармагында туруктуу жана системалуу байланыш түзүүнүн мааниси күн санап өсүүдө. Өнөктөштүктүн чөйрөсүн кеңейтүү максатында жакында эле уюмдун 2030-жылга чейинки энергетикалык саясатын аныктаган стратегиялык документ кабыл алынып, 9 мамлекетти бир кызыкчылыкка бириктирген долбоор Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Документте уюмга мүчө мамлекеттердин энергетикалык коопсуздугу, климаттын глобалдык өзгөрүшүнө каршы күрөшүү максатында атмосферага көмүр кычкыл газынын эмиссиясын азайтуу сыяктуу негизги багыттар камтылган. Энергия булактарын өндүрүүнүн салттуу жолдорунан тышкары, альтернативдик энергетикага инвестиция тартуу темпин тездетүү жана бул жаатта тыгыз кызматташтыкты түзүү пландаштырылууда. Ошол эле учурда Борбор Азия мамлекеттеринин Камбар-Ата ГЭСи боюнча келишими кызматташуунун жыргалчылыгына эң сонун үлгү боло алат. Бүгүнкү күндө Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан ири долбоорду башташты. Аны курууга бирдей күч-аракет жумшоого бел байлап жатышат.

Таалайбек Ибраев, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри:

– Дүйнөлүк банктын кепилдиги менен жакында курулуш иштерин баштаганы турабыз. Бүгүнкү күндө биз техникалык-экономикалык базаны даярдап жатабыз. Долбоор учурда 4,5-5 миллиард долларга бааланып жатат. Бул 1860 МВт энергия булагы менен камсыз кылат дегенди билдирет. Мунун аркасында биз Борбор Азиядагы электр энергиясын гана эмес, суу маселесин да толук чечүүнү көздөп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков