Казакстан менен Өзбекстандын өз ара соода алмашуусу 1,5 миллиард доллардан ашты

Казакстан менен Өзбекстандын өз ара соода алмашуусу 1,5 миллиард доллардан ашты

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 1,5 миллиард доллардан ашты. Анын 1 миллиард доллардан ашыгы ички экспорттун үлүшүнө туура келет. Өзбекстандын статистикалык агенттигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 5-айынын жыйынтыгы боюнча Казакстан бул республиканын үч негизги тышкы соода өнөктөшүнүн катарына кирет. Серепчилердин айтымында, бул жаңы тенденцияга тараптардын логистикалык ыңгайлуулугу, жалпы чек аранын болушу жана өз ара экономикалык мамилелерди оптималдаштыруу чаралары таасир этти.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков