Казакстандын ШКУ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 7 айда эле 19 пайызга өсүп, 36,5 миллиард долларды түздү. Алдыңкы тармактардын бири - айыл чарбасы. Жыл сайын мында кыйла өсүш байкалат. Транзиттик-транспорттук дарамет да олуттуу жылыштарды көрсөтүп жатат. Өлкө аркылуу жүк ташуу жыл башынан бери өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга өстү. Жалпы пандемияга карабастан уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы товар жүгүртүү үстүбүздөгү жылдын 7 айында 40%га өскөн. Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөр жетишкен ийгиликтери менен токтоп калбайт. Алар мындан ары түрдүү тармактарда кызматташууну тереңдетүүнү мерчемдешет. Ага ылайык, уюм азык-түлүк коопсуздугунун резервин жана тамак-аш тармагында инвестициялык фонд түзүүнү көздөөдө.
Ли Кецян, КЭРнын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри:
- Биз өз тарабыбыздан Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдөн азык-түлүк жана атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба өнүмдөрүн импорттоого даярбыз. Бул өлкөлөр ортосундагы өз ара соода балансына жетишүүгө мүмкүндүк берет. Аталган чаралар практикалык кызматташтык үчүн бекем негиз болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков