Казакстандын
агроөнөр жай комплексине биринчи жарым жылдыкта 617 млрд теңге инвестиция
салынды. Айыл чарбасынын негизги капиталына салынган инвестиция 442 млрд
теңгеге чейин өстү. Тамак-аш өндүрүшүнө да инвестициялар көбөйдү. Айыл
чарбасынын дүң өнүмүнүн көлөмү
3,7 пайызга өсүп, 2 трлн теңгеге жеткени белгиленди. Тиешелүү министрлик
белгилегендей, оң динамика мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү тармактарындагы
жакшы көрсөткүчтөр менен камсыздалды. Мындан тышкары, тармактын көрсөткүчтөрүнө
таасир этүүчү багыттардын бири - Түндүк Казакстан облусунун тажрыйбасын
жайылтуу программасы боюнча долбоорлорду каржылоо жана ишке киргизүү. Ошентип,
178 жарым млрд теңгеге 155 долбоор каржыланды. Алардын үчтөн бири ишке
киргизилди – бул сүт-товар фермалары, жашылча сактоочу жайлар, бордоп семиртүү
аянтчалары. Казакстанда агроөнөр жай комплексинин жылдык өсүшүнө себүү жана
жыйноо иштери аркылуу жетүүнү пландаштырууда. Эске салсак, быйыл өлкөдөгү жалпы
айдоо аянты дээрлик 24 млн гектарды түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

