Казакстандын транспорт тармагын санариптештирүү

Казакстанда транспорттук документтерди башкаруунун бирдиктүү системасын киргизүү көздөлүп жатат. Маалымат базасы Евразия экономикалык биримдиги өлкөлөрүнүн, Евросоюздун жана Кытайдын коридорлору боюнча бүтүндөй транзитти көзөмөлдө, өлкөлөр ортосунда соода алаканын ыкчамдыгын камсыз кылат. Башкача айтканда, бул дүйнөнүн каалаган жеринен жүк ташуучуларына жол менен жүк документтерди жол-жоболоштурууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, келерки жылдан баштап түрк өлкөлөрүндө транспорт-логистикалык тизмектин бирдиктүү стандарттары киргизилет. Бул Түрк мамлекеттери Уюму өлкөлөрүнүн өз ара соода-экономикалык байланышына дем берүүчү уруксат алуу жараянын жеңилдетүүгө  мүмкүндүк берет. Бул тууралуу транспорт тармагында өлкөдө ишке ашырылып жаткан санариптик долбоорлор тууралуу тармактык департаменттен билдиришти. Мисалы, жакында дарыя жана деңиз кемелеринин кыймылын атайын навигация тутуму башкарат. Ал эми Актау жана Курык деңиз портторунда өндүрүш процесстерин автоматташтыруу жана орто коридор аркылуу жүк ташууну тездетүү боюнча иштер активдүү жүргүзүлөт. Санариптик чечимдер эл аралык контейнердик ташуулар чөйрөсүндөгү көрсөткүчтөрдү жакшыртууга таасирин тийгизди. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кытай менен мындай ташуулардын көлөмү дароо 27 эсеге өстү.

Максат Калиакпаров, Транспорт вице-министри:

-Кытайдан Европага Казакстан аркылуу контейнердик ташуулардын көлөмү 62% га өстү. Бул жакшы көрсөткүч. Жалпысынан бизде бардык багыттардын экспорту жана импорту боюнча өсүш байкалууда. Бул негизинен санариптик платформаларга байланыштуу. Атамекендик өнүмдүн экспорту 22% га өстү. Жылдын аягына чейин бардык багыттар боюнча темп жогорулайт деп ойлойбуз. Бул транспорттук объектилердин бардык түрлөрүнө тиешелүү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча орточо өсүш авиа аркылуу 15-20%, темир жолдо 30% жана автотранспортто 30-40%га жетет деп күтүлүүдө.

Касым Тилепов, Транспорт министрлиги темир жол жана суу транспорту комитети төрагасынын орун басары:

Контейнердик жүктөр ай сайын иштетилет. Мурунку жылдары биз аркылуу 1-2 контейнердик поезд өтсө, бүгүнкү күндө алардын саны 40ка жетти. Өткөн айда эле Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча жүк таңылган 50 темир жол объектилери өткөрүлдү. Мындан тышкары, өзбекстандык унаа жүк ташуучулар да бул эл аралык коридорду оор жүк ташуучу унааларды ташуу үчүн колдонушат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков