Ата мекендик ишканалар тамак-аш азык-түлүктөрүн Кытай Эл Республикасына экспорттоону мындан ары да арттырууну каалашат. Буга байланыштуу соода тоскоолдуктарын жана чектөөлөрдү алып салууну улантуу маанилүү. Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаилов Кытайдын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушууда билдирди. Өз кезегинде Чжан Сяо Кытай тарап Казакстандан айыл чарба өнүмдөрүн импорттоого, IT тармагындагы өнөктөштүккө, транспорттун көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Тактап айтканда, эки өлкө үчүнчү темир жол өткөөлүн ачууга, Транскаспий эл аралык автожолун курууга жана унаа жасоо тармагында жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө ниеттенүүдө. Кытай элчиси учурда казакстандык компанияларга Кытайдын ири соода аянтчаларына кирүү үчүн жигердүү жардам көрсөтүлүп жатканын баса белгиледи. Ошону менен бирге ал тараптардын экономикалык карым-катнаштарын чыңдоого чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков