Ал режиссёр Алдияр Байракимов тарткан «Паралимпиадачы» тасмасында башкы ролду ойногон. Бул тууралуу «Казинформ» маалымат агенттиги билдирди. Тасманын сюжети боюнча бала кезинен бери Олимпиаданын алтын медалын алууну кыялданган жаш, келечектүү лыжачы Максат катуу кырсыктан улам бутунан ажырайт. Жаракат алгандан кийинки стресстен арылууга олимпиадага катышуу мүмкүнчүлүгү жардам берет. Эске сала кетсек, кинофестивалга Казакстандан тышкары Өзбекстан, Түркия, Беларус, Кыргызстан, Индия, Кытай, Орусия, Азербайжан, Мьянма, Армения, Шри-Ланка мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты. ШКУ өлкөлөрүнөн жалпысынан 57 тасма сунушталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков