Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр 2030-жылга чейин энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн стратегиялык планын кабыл алышты. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин 4-жыйыны Астанада өттү. Жыйынга төрагалык кылган өлкөнүн энергетика министри Алмасадам Саткалиев мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев тарабынан сунушталган бул стратегиялык документ бардык мүчө мамлекеттердин энергетикалык көз карандысыздыгына жана кызыкчылыктарына карама-каршы келбей турганын баса белгиледи. Эң негизгиси, бул жашыл, коопсуз энергия булагына өтүүдөгү маанилүү кадам.
Алмасадам Саткалиев, Энергетика министри:
– ШКУнун бардык мүчө өлкөлөрүнүн энергетика тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп энергиянын акырындык менен өтүшүнө жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү болуп саналат. Биз бул багытты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Анткени глобалдык климаттын өзгөрүшү баарыбызды тынчсыздандырууда. Анткен менен ар бир өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, энергетикалык коопсуздугу негизги багыт болуп саналат. Биринчи кезекте эң алдыңкы жана төмөн эмиссиялуу технологияларды өнүктүрүү жана жашыл энергетика тармагын каржылоо темпин жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле адамдардын бакубаттуулугун жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн кадрдык дараметти пайдаланып, өнүктүрүү абдан маанилүү.
Казакстандын энергетика тармагында боордош эки өлкө – Кыргызстан жана Өзбекстан менен тыгыз байланышы бар. Ошондой эле тараптар үч тараптуу ири долбоорлорду ишке ашырууда. Максаты – ички керектөөлөрдү толук камсыз кылуу, ошондой эле экспортко чыгып, киреше табуу, дейт Кыргызстандын энергетика министри.
Таалайбек Ибраев, Кыргыз Республикасынын энергетика министри:
– Борбордук Азиянын бардык мамлекеттери Советтер Союзу маалынан бери тыгыз энергетикалык мамилелердин тартибинде иштеп келе жатат. Бул иш ушундай эле тартипте улана берет. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, менин оюмча, Борбордук Азиянын түпкү жалпы кызыкчылыгы алп мамлекеттердин: Кытай, Индия, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгуу болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков