Документте Казакстандын алдыдагы жылда өнүгүүсүнө байланыштуу болжолдор да камтылган. Ага ылайык, өлкөнүн экономикасынын өсүшү 2023-жылы 3,5% болсо, 2024-жылы 4%ды түзөт. Бул өткөн жылдын теке айындагы структуранын эсептик көрсөткүчүнөн жарым пайызга төмөн жана ошого жараша жарым пайызга өскөн. Жалпысынан Европада жана бүтүндөй Борбор Азияда 2023-жылы аймактык экономикалык өсүшү бир аз басаңдайт деп күтүлүүдө. Бирок ал 2024-жылы калыбына келип, 2,8%га чейин өсүштү көрсөтөт, дешет адистер. Жалпысынан дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө карата каржылык структуранын болжолу канааттандырарлык эмес. Адистердин айтымында, дүйнөлүк экономика 1,7%га гана өсөт, ал эми 2024-жылы 2%дан ашык өсөт. Дүйнөлүк банк АКШ, Кытай жана Европа өлкөлөрү сыяктуу өнүккөн өлкөлөргө карата божомолдорун бир топ төмөндөттү. Ошондой эле документте дүйнөлүк экономиканын төмөндөшү өз кезегинде өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасына олуттуу таасирин тийгизери айтылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков