Казакстанда Улуттук гвардиянын эки жоокери Мадияр Кайсаров менен Айбат Амановдун сөөгү жерге берилди. Эки жоокер тең массалык башалмандыкта каза болгон. Мадияр Кайсаров жетектеген оперативдик отряд Кызылордада коомдук тартипти калыбына келтирүү үчүн милдеттерин аткарын жаткан. Ал эми Айбат Аманов Талдыкорганда мародерлорго каршы күрөштө курман болду. 20 жаштагы Мадияр Кайсаров менен 19 жаштагы Айбат Амановдун сөөгү аскердик сый-урматка ылайык жерге берилди.
Канат Беляков, Улуттук гвардия «Борбордук» аймактык кол башчылыгы башчысынын орун басары:
- Аскер кызматкерлери күжүрмөн бөлүктөрдө болушкан. Алар калктуу-конуштарда өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн калыбына келтирүү тапшырмасын аткарышты. Митингчилер таш ыргытып, арматура менен куралданышкан. Биздин жоокерлер аларга эрдик менен каршы турушту. Тапшырмаларды мыкты аткарды. Өздөрүнүн кыска өмүрүндө мекен үчүн даяр турду. Аскердик жана конституциялык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарды. Алар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин татыктуу аткарышты. Аскер кызматчылары баатырдыктын чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү.
Оразалы Кайсарулы, маркумдун атасы:
- Армияда жарым жыл болду. Уулумду тосуп алууга даярданып жүргөм. Өзүңдөн мурун уулуңду көмүү абдан кыйын. Мен бардык Казакстандыктарды чакырат элем. Токтололу, тынчтаналы, канча деген аскерлер, жарандар кырылып жатат. Мекенибизди сактап калалы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков