Казакстандын каржы тармагы жаңы өсүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот. Өлкөдө бул тармакты 2030-жылга чейин өнүктүрүү Концепциясын кабыл алуу мерчемделүүдө. Мындай маалыматты премьер-министр Аскар Мамин өкмөттүн жыйынында билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, жакынкы 10 жылда республика экономиканын андан аркы өсүшү үчүн банктык насыя берүүнү кеңейтет. Мунун бардыгы рыноктук механизмдердин негизинде болот. Ага ылайык, тармактын структурасы өзгөрүшү керек. Эми адистер чийки эмес тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө басым жасашы керек. Мындан тышкары, министрлер кабинетинин жыйынында Өкмөт, Улуттук банк жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы Макулдашуу колдоого алынды. Бул макулдашуу макроэкономикалык саясий чараларын эффективдүү координациялоо үчүн кажет.
АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:
- Калктын жашоо деңгээлин жана жыргалчылыгын жогорулатуу өлкөнүн социалдык-экономикалык саясатынын башкы артыкчылыгы болуп саналат. Бул үчүн акча-насыялык, фискалдык жана структуралык саясатты, ошондой эле, каржы тармагын өнүктүрүү саясатын координациялоо камсыз кылынат. Экономиканын сапаттуу жана туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзгөн принципиалдуу жаңы институттук каркас түзүлөт.