Абай облусундагы өрт. Окуянын хронологиясы

Абай облусундагы өрт. Окуянын хронологиясы

Эскерте кетсек, "Семей токою" резерваты аймагындагы өрт кулжа айынын 8де башталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кызыл жалын тез тарап, эртеси күнү 30 миң гектар токойго жайылып кеткен. Өрттү өчүрүүгө алты тик учак жана жүздөгөн техника, ошондой эле коңшу аймактардан кошумча күчтөр тартылды. Жакынкы үч айылдын тургундары убактылуу коопсуз жайга көчүрүлдү. Алардын айрымдары туугандарында баш калкалоодо. Аймакта табигый өзгөчө кырдаал жума күнү кечинде киргизилди. Кийинчерээк кызыл жалындын масштабы эки эсеге өсүп, тилсиз жоо 60 миң гектар аянтты каптады. Табигый кырсыкты ооздуктоого буга чейин өлкөнүн сегиз облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин, Экология жана жаратылыш ресурстар министрлигинин адистери, Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери тартылган. Маалым болгондой, кулжа айынын 10на караган түнү өрттөнгөн токойдун аянты 60 миң гектардан ашты. Абадан визуалдык жүргүзүлүп, тик учактардан суу чачылды.

Абай облусунда өзгөчө кырдаалга байланыштуу кылмыш иши козголду

Белгилей кетсек, тилсиз жоонун келип чыгуу себептерин аныктоо максатында мекемелер аралык тергөө тобу түзүлдү. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу кылмыш иши козголду. Учурда “Эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу” беренеси боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Мындан тышкары, атайын прокурор шалаакылык фактысы боюнча кылмыш ишин каттады.

Серик Беркамалов, юрист:

- Жооптуу адамдардын саны кыйла көп болот деп ойлойм. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, токой чарба комитетинин кызматкерлери болушу мүмкүн. Башкача айтканда, алардын ээлеген кызматына ылайык, кайсы бир аймакта, токой чарбасында өрт коопсуздугуна жооптуу адамдардын баары суракка алынып, күнөөлүүлөр аныкталат.

Абай облусундагы өрт. Окуянын хронологиясы:

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, өрттү өчүрүү иштери уланууда. Өрттү өчүрүүгө 1500дөй адам жана 300дөн ашык техника тартылган. Ошондой эле 14 тик учак абадан визуалдык байкоо жүргүзүп, суу чачылды. Кырсык болгон өрттү өчүрүүгө жалпысынан 2000 тоннадай суу колдонулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков