Казакстандык авиакомпаниялар 9 миллионго жакын адамды ташыды

Казакстандык авиакомпаниялар 9 миллионго жакын адамды ташыды

2022-жылдын 10 айында Казакстандын авиакомпаниялары тарабынан 9 миллионго жакын адам ташылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16%га көп. Эл аралык каттамдарга келсек, учурда казакстандыктар дүйнөнүн 29 өлкөсүнө түз каттамдарды жасай алышат. Ошентип, быйыл Алматыдан Миланга, Ираклионго, Нячангга, Ашхабадга, Сургутка, Тюмень жана Новосибирскке, ал эми Астанадан Санкт-Петербургга жаңы каттамдар ачылды. Мындан тышкары, Актау менен Шымкенттен Анкарага, Алматы менен Актаудан Мединага, Астанадан Бакуга жана башка шаарларга аба каттамдарын ачуу күтүлүүдө. Ошол эле учурда бештин айынын 26нан тарта Казакстан менен Сейшел аралдарынын ортосундагы каттамдарды, Пакистанга багыттарды ачуу, ошондой эле Индия, Кытай жана Улуу Британияга каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда. Айта кетсек, ички каттамдар 57 каттам боюнча жүргүзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков