Казакстан визасыз мамлекеттер тизмесин 80ге чейин кеңейтти

Казакстан визасыз мамлекеттер тизмесин 80ге чейин кеңейтти

2022-жылы Казакстан визасыз өлкөлөрдүн тизмесин 80 өлкөгө кеңейтти. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Ошондой эле, 9 жаңы мамлекет менен өз ара келишимдер түзүлдү, алар Мальдив аралдары, Андорра, Никарагуа, Венесуэла, Боливия, Парагвай, Доминикан Республикасы, Албания жана Белиз. Ошону менен бирге, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, ишкердик мамилелерди жандандыруу жана өлкөнүн туристтик дараметин жогорулатуу максатында Өкмөт Иран, Кытай, Индия Республикаларынын жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Белгилей кетсек, Казакстан дүйнөнүн 186 мамлекети менен дипломатиялык мамиле түзгөн. Ал эми анын географиясы 70 өлкөдө 104 чет элдик өкүлчүлүктү камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков