Шайлоого жигердүү катышып жаткандардын бири - аскер кызматкерлери. Улуттук гвардиянын борбордогу өздүк курамы алгачкылардан болуп добуш берүүнү аяктады. Маселен, 55/73 аскер бөлүгүнүн жоокерлери түшкө чейин өз тандоосун жасоого жетишкен. Аскердик команданын добуш берүү процесси менен кабарчыбыз таанышып кайтты.
Жеңис Ермуканов, кабарчы:
Улуттук гвардиянын 55/73-аскер бөлүгүндө жекшемби күнү да абдан жандуу. Таң атпай туруп сап түзүүгө көнгөн жоокерлер бул жолу да адаттагыдай машыгуу аятнчасына эмес, бөлүмдө түзүлгөн шайлоо участкасына бет алышты. Бүгүн алар мамлекет башчысын гана эмес, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысын да шайлоо үчүн добуш беришет.
Бул Улуттук гвардиянын борбордогу биринчи ыкчам бригадасынын жоокерлери үчүн түзүлгөн 226-жабык шайлоо участогу. Урнага бюллетенди биринчи болуп катардагы жоокер Ахмет Айткуан салды.
Ахмет Айткуан, Улуттук гвардиянын жоокери:
Бүгүн тарыхый учур. Анткени мен президенттик шайлоого биринчи жолу катыштым. Улуттук гвардия жоокерлеринин арасынан биринчи болуп добуш бердим. Келечекке чоң кадам таштаганыма ишенем. Мен 100% өз тандоомду жасадым.
Аскердик милдетин өтөп жаткан Ахмет сыяктуу Улуттук гвардиянын миң жарымдан ашык жоокери бүгүн өз тандоосун жасамакчы. Алардын дээрлик жарымына жакыны жалпы саясий өнөктүккө биринчи жолу катышып жатат. Алар өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеген, элдин ишенимин актаган талапкерге добуш бергенине ишенет.
БЛИЦЫ:
- Өлкөмдүн келечеги үчүн добуш бердим. Туура тандоо жасадым деп ойлойм.
- Өз тандоомду жасадым. Өз тандоомо ишенимдүүмүн. Келечегибиз кең болсун.
Шайлоо участогу таңкы саат 6да ачылды. Башка шайлоо участкалары эми гана ачылып жатканда аскерлердин үчтөн бир бөлүгү өз тандоолорун жасоого жетишсе, добуш берүү түшкө чейин аяктады. Жарандык позициясын билдирүү менен өлкөнүн тынчтыгынын, бейпил турмушунун сакчылары жоопкерчиликтүү милдеттерин аткарууга киришти.
Айдарбек Жүсипбеков, Улуттук гвардиянын 55/73 аскер бөлүгү командиринин орун басары:
Анткени, өзүбүздүн өзгөчөлүктөрүбүз бар. Улуттук гвардиянын өздүк курамы күн сайын коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрөт. Ал ар дайым коомдук-саясий иштерди уюштурууга катышат. Бүгүнкү күндө алар өздөрүнүн негизги милдеттерин аткаруудан мурун өлкөнүн жараны катары шайлоого катышуулары керек.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык күч структуралары толук кандуу кызматта. Добуш берүүнүн тынч жана тартиптүү өтүшүн камсыздоо үчүн 20 миңдей полиция кызматкери тартылды. Коомдук жайларда коопсуздукту көзөмөлдөөгө Ички иштер министрлигинин 14 миң кызматкери чыкты. Бардык жерде көзөмөл күчөтүлгөн. Азырынча мыйзам бузуулар катталган жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков