Алматы облусунда смарт-күнөскана ишке берилди

Алматы облусунда смарт-күнөскана ишке берилди

Дүйнөнүн каалаган жеринде жүрүп, өсүмдүктөрдү көзөмөлдөө. Алматы облусундагы Казак улуттук агрардык изилдөө университетинин алдында смарт-күнөскана ачылды. Ал инновациялык кореялык технологияларга негизделген. Күнөскана толугу менен автоматташтырылган, башкача айтканда, система желдеткичтерди иштетип, өсүмдүктөрдү сугарып, топуракка керектүү заттарды кошот. Кадимки күнөсканадан жылына 300 тоннага чейин өнүм алууга болсо, мында 450 тоннага чейин түшүм алууга болот. Бул жерде студенттер, магистрлер, PhD докторлору теориялык билимдерин практика менен айкалыштырат. Жеке чарба ээлерине да атайын окутуу иштери жүргүзүлөт.

Ербол Карашөкеев, РКнын Айыл чарба министри:

- Бүгүнкү күндө Казакстанда заманбап технологияларды колдонуу менен күнөсканаларды салуу күч алууда. Чындыгында агроөнөр жай комплексине студенттер, бул технологияны колдонуу боюнча түздөн-түз тажрыйбасы бар адистер керек. Ошондуктан - бул Казакстандын жогорку окуу жайлары үчүн керектүү адистерди даярдоого чоң мүмкүнчүлүк.

Ким Джон Ку, Корея Айыл чарба саясаты департаментинин мүдүрү:

- Бул күнөскана Казакстандын илими үчүн да, айыл чарбасы үчүн да чоң мүмкүнчүлүк. Күнөскана аркылуу эки өлкөнүн мамилеси бекемделет деп ишенебиз. Казакстан келечекте айыл чарба өнүмдөрүн экспорттой ала тургандай болот. Ошондой эле, жаңы технологияларды өздөштүргөн таланттуу адистерди даярдоого кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Инновациялык күнөскана салуу эки жыл мурун Казакстан-Түштүк Корея бизнес форумунда чечилген. Анда эки өлкөнүн Мамлекет башчылары айыл чарбасындагы жаңы технологиялар тармагында кызматташуу тууралуу макулдашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков