Казакстанда бардык ЖЭБ жана инженердик тармактар текшерүүдөн өтүп жатат

Казакстанда бардык ЖЭБ жана инженердик тармактар текшерүүдөн өтүп жатат

Азыркы учурда өлкөдөгү бардык ЖЭБ жана инженердик тармактар ​​аудиттен өтүп жатат — ал 2023-жылдын биринчи кварталында бүткөрүлөт. Жыйынтыгында тиешелүү иш-чаралардын планы кабыл алынат. Мындан тышкары, Көкшетау жана Семей шаарларында жаңы ЖЭБдерди куруу иштери жүрүп жатат, ал эми Павлодар жана Экибастуз шаарларында объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн “Натыйжалуу аймактык саясат – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи” парламенттик угууда сөз болду. Ошондой эле,  кичи жана чакан бизнести өнүктүрүү маселелерине токтолушту. Сенат спикеринин айтымында, бул Казакстан элинин бакубаттуулугун жогорулатуунун эң эффективдүү чечимдеринин бири. Айта кетсек, айыл тургундарынын кирешесин жогорулатуу боюнча пилоттук долбоор Жамбыл облусунда ушул тапта ишке ашырылууда. Маулен Ашимбаев белгилегендей долбоор натыйжалуулугун көрсөтсө аны республикалык деңгээлде кароого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:

- Бул максаттар үчүн 2023-жылы өлкөнүн бардык аймактарына 52 миллиард теңгеден ашык каражат каралган, бул 11 миң чакан насыя берүүгө мүмкүндүк берет. Сенаторлор бул программанын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков