Тиешелүү чечим өкмөттүн эл аралык гуманитардык жардам боюнча комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. Мамлекеттик материалдык резервден консерваланган өнүмдөр, жылуу кийимдер, кышкы чатырлар, керебеттер жана төшөнчүлөр бөлүнгөн. Жүк Алеппо шаарына Ислам Кызматташтык Уюмунун тармагы аркылуу төрт рейс менен жеткирилет. Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өкмөткө Сирияга гуманитардык жардам көрсөтүү тапшырмасын берген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков